Constitution of the Kyrgyz Republic

For optimal readability, we highly recommend downloading the document PDF, which you can do below.

Document Information:

  • Year:
  • Country: Kyrgyzstan
  • Language: Kyrgyz
  • Document Type: Domestic Law or Regulation
  • Topic:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ Биз, куттуу Кыргызстандын эли,элибиздин эркиндиги үчүн канын төгүп, жанын берген баатырларды эске сактап;адам укугун урматтоону жана коргоону туу туткан эркин, демократиялык мамлекет куратургандыгыбызды тастыктап;кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүп-өстүрүүгө, бекемдөөгө, анын эгемендүүлүгүн, элининбиримдигин сактоого бекем ишенгендигибизди жана майтарылбас эркибизди билдирип;укуктун үстөмдүгүн камсыздоо менен социалдык адилеттикти, теңдикти, элдин экономикалыкбакубатчылыгы менен жыргалчылыгын жана руханий өнүгүшүн өргө сүрөөгө умтулуп;ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо, табият менен таттуу болуу жөнүндөайткан ыйык осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алабыз. БИРИНЧИ БӨЛҮМКОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ 1-берене. 1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттикбашкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкысаясатты өз алдынча жүргүзөт. 2-берене. 1. Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтинбирден-бир булагы болуп саналат.2. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түзшайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.3. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер референдумга (бүткүл элдикдобуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби, референдумга коюлуучумаселелердин тизмеги конституциялык мыйзам менен белгиленет.4. Шайлоо эркин болуп саналат.Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүүоргандарынын депутаттарын шайлоо жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тикелей шайлооукугунун негизинде өткөрүлөт.Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.5. Мамлекет мыйзамда белгиленген ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик органдардагыжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлиндеөкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=741 of 302/7/13 9:16 AM

3-берене. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик:1) бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана камсыз кылганэлдик бийликтин үстөмдүгүнүн;2) мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн;3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагыжоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгөашыруусунун;4) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмилдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет. 4-берене. 1. Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук таанылат.2. Саясий партиялар, кесиптик бирликтер, дагы башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн укуктарынжана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык,социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жанакызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.3. Саясий партиялар жарандардын саясий эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт, Жогорку Кеңештиндепутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого катышат.4. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:1) мамлекеттик, муниципалдык жана партиялык институттардын кошулушуна; мамлекеттик жанамуниципалдык мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине;мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурлардыкошпогондо, партиялык ишти аткарышына;2) аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясийпартияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияларды колдоп чыгышына;3) диний, этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттардыкөздөшүнө;4) жарандардын бирикмелери тарабынан аскерлешкен курумдардын түзүлүшүнө;5) иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө,социалдык, расалык, улут аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталганмаксаттарды көздөгөн саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардынөкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине. 5-берене. 1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат.2. Элдин эч бир бөлүгү, бир да бирикме, бир да адам мамлекетте бийликти өзүнө ыйгарып алуугаукуксуз. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет.3. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызматадамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыгаалышпайт.4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызматадамдары укукка каршы иш-аракети үчүн мыйзамда каралган тартипте жоопкерчилик тартышат. 6-берене. 1. Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түзколдонулат.2. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктукактылар кабыл алынат.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=742 of 302/7/13 9:16 AM

3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнөкирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери мененченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери түздөн-түз колдонулат жана башка эларалык келишимдин ченемдерине караганда артыкчылыкка ээ.4. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнөкириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет.5. Жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдикукуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт. 7-берене. 1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышымүмкүн эмес.2. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.3. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишинекийлигишүүсүнө тыюу салынат. 8-берене. 1. Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис.2. Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу максатындаКыргыз Республикасынын аймагы мыйзамда аныкталган администрациялык-аймактык бирдиктергебөлүнөт.3. Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар деп эсептелет, алардын статусумыйзам менен аныкталат. 9-берене. 1. Кыргыз Республикасы татыктуу жашоо-турмуш шартын түзүүгө жана инсанды эркин өстүрүүгө,жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган социалдык программаларды иштеп чыгат.2. Кыргыз Республикасы социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларына колдоокөрсөтүүнү, эмгек акынын кепилдик берилген минималдуу өлчөмүн, эмгекти жана саламаттыкты коргоонукамсыз кылат.3. Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрөт,мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун дагы башка кепилдиктерин белгилейт. 10-берене. 1. Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат.2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.3. Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо,аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет. 11 -б е р е н е. 1. Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго – Тууга, Гербге, Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасыжана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.2. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору болуп саналат.3. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги сом болуп эсептелет. 12-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=743 of 302/7/13 9:16 AM

1. Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик,муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет.2. Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес.Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, башкаадамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында соттун чечимисиз мүлктү алып коюугамыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынанмилдеттүү түрдө каралууга тийиш.Мыйзамда каралган коомдук муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу, ал мүлктүн наркынын жанабашка чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу менен соттунчечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.3. Жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигинеөткөрүү (улутташтыруу) ал мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу мененмыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.4. Кыргыз Республикасы өз жарандары менен юридикалык жактарынын менчигин, ошондой элебашка мамлекеттердин аймагында жайгашкан өзүнүн менчигин коргойт.5. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлардүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет,бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетининнегизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.Жеке менчикте болушу мүмкүн эмес жайыттарды кошпогондо, жер ошондой эле менчиктин жеке,муниципалдык жана башка формаларында болушу мүмкүн.6. Менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонункепилдиктери мыйзам менен аныкталат. 13-берене. 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттердентурат, мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын өзүнө камтыйт.2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн, кабыл алуунун, пайдалануунун тартиби,ошондой эле аларды аткаруунун аудити мыйзам менен аныкталат. Республикалык бюджет – мыйзамменен, жергиликтүү бюджеттер тиешелүү өкүлчүлүктүү органдардын чечими менен кабыл алынат.3. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык системасы иштейт. Салыктарды белгилөөукугу Жогорку Кеңешке таандык. Жаңы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалынначарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт. 14-берене. 1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык максаттарды жана аскердик күч мененчечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт, мамлекеттик турмушту милитаризациялоону, мамлекетти,анын ишин согуш жүргүзүү милдеттерине баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат.2. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башкамамлекеттерге каршы жасалган агрессия учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт.Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактаргажиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмескөпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүнпайдаланууга тыюу салынат.4. Кыргыз Республикасы жалпыга бирдей жана адилеттүү жашоого, өз ара пайдалуу кызматташууга,дүйнөлүк жана регионалдык маселелерди тынчтык жол менен чечүүгө умтулат. 15-берене.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=744 of 302/7/13 9:16 AM

Кыргыз Республикасында өзгөчө абал менен согуш абалы ушул Конституцияда жанаконституциялык мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте киргизилиши мүмкүн. ЭКИНЧИ БӨЛҮМАДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН ЭРКИНДИКТЕРИ Биринчи главаНегизги укуктар жана эркиндиктер 16-берене. 1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык.Адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелейколдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынишинин маани-мазмунун аныктап турат.2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардыкадамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий жебашка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнчакодулоого алынышы мүмкүн эмес.Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдүкамсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт.3. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.4. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, алардыишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.5. Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы жашоо кызыкчылыктарын камсыз кылуу принцибиколдонулат. 17-берене. Ушул Конституцияда белгиленген укуктар менен эркиндиктер бардык жактан толук жетишерлик депэсептелбейт жана адамдын, жарандын башка жалпы таанылган укуктары менен эркиндиктерин тануу жебасмырлоо катары чечмеленбеши керек. 18-берене. Ар бир адам ушул Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка дагы ар кандайиш-аракеттер менен иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу. 19-берене. 1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда жеКыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башкаучурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттердиаткарат.2. Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелерге ылайык чет өлкө жарандарына жанажарандыгы жок адамдарга саясий жүйөлөр боюнча куугунтукталганда, ошондой эле адам укуктары мененэркиндиктери бузулган учурларда башкалка берет. 20-берене. 1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жоккоКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=745 of 302/7/13 9:16 AM

чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.2. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти,калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоомаксатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөркөрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.Адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алууга тыюусалынат.3. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жанаэркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.4. Төмөнкүдөй тыюу салуулар боюнча ушул Конституцияда белгиленген кепилдиктерге эч кандайчектөө коюлууга тийиш эмес:1) өлүм жазасын, кыйноону, дагы башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык мамилени же болбосожазалоонун кадыр-баркты басмырлаган түрлөрүн колдонууга карата салынган тыюуларга чектөө;2) алардын ыктыярдуу макулдугу талаптагыдай билдирилмейинче жана ырасталмайынчаадамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө;3) кулчулукка, адамдарды соодалоого коюлган;4) бала эмгегин эксплуатациялоого;5) жарандык-укуктук милдеттенмени аткарбоонун негизинде эркиндигинен ажыратууга каратасалынган;6) инсандын ар-намысына шек келтирген маалыматты жайылткандыгы үчүн кылмыштыккуугунтуктоого;7) ой-пикирин, диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартуугамажбурлоого;8) тынч чогулууга катышууга мажбурлоого;9) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин аныктап көрсөтүүгө мажбурлоого;10) турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратууга.5. Ушул Конституцияда белгиленген төмөндөгүдөй укуктар эч чектелүүгө тийиш эмес:1) ар бир эркиндигинен ажыратылган адамдын өзүнө адамкерчиликтүү мамиле кылууну жанаадамдык кадыр-баркын сыйлоону талап кылуу;2) ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү сурануу;3) жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу;4) ой-пикир эркиндиги тууралуу;5) диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу;6) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин эркин аныктоо жана көрсөтүү;7) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери мененкелтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуртуп алуу;8) соттук коргонуу;9) мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу;10) жарандын Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүү укугу. Экинчи главаАдам укуктары жана эркиндиктери 21-берене. Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышымүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат. 22-берене. 1. Эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаганмамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=746 of 302/7/13 9:16 AM

2. Эркиндигинен ажыратылган ар бир адам өзүнө гумандуу мамиле жасалышына жана адамдыккадыр-баркынын сакталышына укуктуу.3. Тиешелүү түрдө билдирилип, күбөлөндүрүлгөн ыктыярдуу макулдугусуз адамдарга медициналык,биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө тыюу салынат. 23-берене. 1. Кыргыз Республикасында кулчулукка, адамдарды соодалоого жол берилбейт.2. Бала эмгегин эксплуатациялоого тыюу салынат.3. Согушка, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга, башка өзгөчө кырдаалдар мененсоттун чечимин аткарууга байланышкан учурлардан тышкары мажбурлап иштетүүгө тыюу салынат.Аскердик, альтернативалуу (аскердиктен тышкары) кызмат өтөөгө тартуу мажбурлоо эмгеги депэсептелбейт. 24-берене. 1. Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу.2. Жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарбай коюшунун негизинде эч ким эркиндигиненажыратылышы мүмкүн эмес.3. Соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптен тышкары эч кимкамакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.4. Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.Ар бир кармалган адам кармалган учурунан тартып 48 саат өткөнгө чейин тез арада жана кандайучурда болбосун кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек.Айрым учурларда кармап туруунун бир кыйла кыска мөөнөттөрү мыйзам менен белгиленишимүмкүн.Кармалган ар кандай адам мыйзамда белгиленген тартипте жана мезгилдүүлүгүнө жараша кармаптуруунун мыйзамдуулугун текшерүүгө укуктуу. Эгерде адамды кармоого негиздер жок болуп чыкса, аладам дароо бошотулушу керек.5. Кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөлөрү менен анын укуктарытүшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу менен кошо, анынукугу камсыз кылынышы керек.Эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынып, ага өзүн-өзүкоргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга, ошондой элекоргоочу күтүүгө мүмкүндүк берилет. 25-берене. 1. Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, барчу жана жашоочу жеринтандап алууга укуктуу.2. Ар бир адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга укуктуу. 26-берене. 1. Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечимимыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Булпринциптин бузулушу материалдык жана моралдык зыяндын орду сот аркылуу толтуруп берилүү үчүннегиз болуп эсептелет.2. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экенине карата ар кандайшектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.3. Эч ким кылмыш жасаганын өзү мойнуна алганынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес.4. Жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу мененалынган далилдер күнөөнү негиздөө жана сот актысын чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=747 of 302/7/13 9:16 AM

5. Эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарынын чөйрөсүнөкаршы күбө катары өтүүгө милдеттүү эмес. Көрсөтмө берүү милдетинен бошотуунун башка учурларымыйзам менен белгилениши мүмкүн.6. Ар бир адам мыйзамда каралган учурларга ылайык сот арачыларынын катышуусу менен иштисотто каратууга укуктуу. 27-берене. 1. Соттолгон ар бир адам ишин мыйзамга ылайык жогору турган сотто кайра каратууга укуктуу.2. Соттолгон ар бир адам ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү суранууга укуктуу.3. Бир эле укук бузгандык үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш. 28-берене. 1. Адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге каратаколдонулбайт. Жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган иш-аракети үчүн эч ким жоопкерчиликтартпашы керек. Эгерде укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса жежеңилдетилсе, анда жаңы мыйзам колдонулат.2. Жоопкерчиликти белгилөөчү жазык мыйзамы окшоштук боюнча колдонулбайт. 29-берене. 1. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу.2. Ар бир адам кат-кабар алышууга, телефондук жана башка сүйлөшүүлөргө, почта, телеграфтык,электрондук дагы бөлөкчө жол менен кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгөмыйзамга ылайык жана сот актысынын негизинде гана жол берилет.3. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуумаалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.4. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсизжыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укукченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алууукугуна кепилдик берилет. 30-берене. 1. Ар ким өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак-жай менен башкаобъектилердин кол тийбестик укугуна ээ. Эч ким ээсинин эркинен тышкары алар пайдаланып тургантурак-жайга жана башка объектилерине кире албайт.2. Жеке менчикте жана башка укукта болгон турак-жайда жана бөлөк объектилерде тинтүү, алыпкоюу, кароо жана башка аракеттерди жүргүзүү, аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсү соттун актысыныннегизинде гана жол берилет. Көңүл буруңуздар!КР 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүүжөнүндө” Мыйзамына ылайык 30-берененин 30-берененин экинчи бөлүгүнүн жоболору 2011-жылдын1-январынан тартып күчүнө кирет 3. Мыйзамда каралган учурларда жеке менчик жана башка укукта болгон турак-жайга жана башкаобъектилерди тинтүү, алып коюу, кароо жана башка аракеттерди жүзөгө ашыруу жана аларга бийликөкүлдөрүнүн кирүүсүнө сот актысысыз жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жананегиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да тиешелүү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=748 of 302/7/13 9:16 AM

31-берене. 1. Ар ким эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга укуктуу.2. Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.3. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.4. Улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктүүгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат. 32-берене. 1. Ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.2. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпооукугуна ээ.3. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу.4. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартуугамажбурланууга тийиш эмес. 33-берене. 1. Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө жебашка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ.2. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы,мекемелелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу.3. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынжана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүүбюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктуу.4. Ар кимге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жанаалардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилдик берилет. Маалыматберүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.5. Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтардытараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес. 34-берене. 1. Ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурлануугатийиш эмес.2. Тынч чогулуш өткөрүүнү камсыздоо максатында ар ким бийлик органдарына билдирме берүүгөукуктуу.Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугуна, билдирүүнүн түрү, мазмуну менен берүүубактысынын сакталбагандыгына байланыштуу тынч чогулуш өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө,ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт.3. Тынч чогулуштарды уюштуруучулар жана катышуучулар тынч чогулуш өткөрүү жөнүндөбилдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүнжоопкерчилик тартышпайт. 35-берене. Ар ким биригүү эркиндигине укуктуу. 36-берене. 1. Үй-бүлө – коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык – бүткүл коомдун камкордугунаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=749 of 302/7/13 9:16 AM

алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот.2. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсүүчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүнжөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менентарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт.4. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну,тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.5. Нике курагына жеткен адамдар никеге турууга жана үй-бүлө күтүүгө укуктуу. Бир дагы нике никегетуруучу адамдардын ыктыярдуу, эки тараптуу макулдугусуз түзүлбөөгө тийиш. Нике мамлекет тарабынанкаттоого алынат. 37-берене. 1. Кыргыз Республикасында адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген элдик үрп-адаттар,каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.2. Улууларды урматтоо, туугандарына жана жакындарына камкордук көрүү – ар бир адамдынмилдети. 38-берене. Ар ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоого жана көрсөтүүгө укуктуу. Эч ким өзүнүнэтностук тийиштүүлүгүн аныктоого жана көрсөтүүгө мажбурланбашы керек. 39-берене. Ар ким мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардынкызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамсыз аракеттери аркылуу келтиргензыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу. 40-берене. 1. Ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эларалык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдериндекаралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет.Мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоонун соттон тышкары жанасотко чейинки усулдарын, түрлөрүн, ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт.2. Ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар мененкоргоого укуктуу.3. Ар ким юридикалык квалификациялуу жардам алууга укуктуу. Мыйзамда көрсөтүлгөн учурлардаюридикалык жардам мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. 41-берене. 1. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жанаалардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар ага мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдөнегиздүү жооп берүүгө милдеттүү.2. Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайыкадам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынанадамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы алардыкалыбына келтирүү жана/же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт. 42-берене.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7410 of 302/7/13 9:16 AM

1. Ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ.2. Ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаганар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу.3. Ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүнтандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгекшарттарына укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгекакы алуу укугуна ээ. 43-берене. 1. Ар ким иш таштоого укуктуу. 44-берене. 1. Ар ким эс алууга укуктуу.2. Эң узак иш убактысы, жумалык эс алуунун эң кыска мөөнөтү жана жыл сайын акы төлөнүүчүөргүү, ошондой эле эс алуу укугун ишке ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат. 45-берене. 1. Ар ким билим алууга укуктуу.2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.Ар ким мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысызалууга укуктуу.3. Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап негизги жалпы билим берүү мекемелеринечейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана бир эл аралык тилди окутуп-үйрөнүүсү үчүн шарттүзөт.4. Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык жана менчик окуу жайларын өнүктүрүү үчүн шарт түзөт.5. Мамлекет дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарт түзөт. 46-берене. 1. Ар ким турак-жайлуу болууга укуктуу.2. Эч ким турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратылбоого тийиш.3. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак-жай курулушунколдоого алышат, турак-жайына карата укуктарды ишке ашыруу үчүн шарт түзүшөт.4. Аз камсыз болгон жана башка муктаж адамдарга турак-жай мамлекеттик, муниципалдык жанабашка турак-жай фонддорунан же болбосо мыйзамда каралган негиздерде жана тартипте социалдыкмекемелерден бекер же мүмкүнчүлүккө жараша акы үчүн берилет. 47-берене. 1. Ар ким ден соолугун коргоого укуктуу.2. Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт жана саламаттыктысактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана жеке секторлорун өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт.3. Акысыз медициналык тейлөө, ошондой эле жеңилдик шарттарындагы медициналык тейлөөмыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин чегинде жүзөгө ашырылат.4. Кызмат адамдары кишилердин өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч туудурган фактылардыжана жагдайларды жашырып койсо, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликке кириптер болот. 48-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7411 of 302/7/13 9:16 AM

1. Ар ким өмүрү жана ден соолугу үчүн ыңгайлуу болгон экологиялык чөйрөгө укуктуу.2. Ар ким жаратылышты пайдалануудагы аракеттердин натыйжасында ден-соолугуна же мүлкүнөкелтирилген зыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу.3. Ар ким табигый жаратылыш чөйрөсүнө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө этият мамилежасоого милдеттүү. 49-берене. 1. Ар кимге адабий, көркөм, илимий, техникалык жана башка чыгармачылыктын түрлөрүнө,окутуучулук эркиндигине кепилдик берилет.2. Ар ким маданий турмушка катышууга жана маданият баалуулуктарынан пайдаланууга укуктуу.Мамлекет тарыхый эстеликтерди жана маданий мурастардын башка объектилерин сактоону камсызкылат.3. Интеллектуалдык менчик мыйзам менен корголот. Үчүнчү главаЖарандык. Жарандын укугу жана милдеттери 50-берене. 1. Жаран өзүнүн жарандыгына жараша укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.2. Бир дагы жаран өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышымүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген адамдардын мыйзамдарга жанаКыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттинжарандыгына тийиштүүлүгү да таанылат.3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараныболгондугуна карабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуугаукуктуу.Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.4. Жаран республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке берилбейт.5. Кыргыз Республикасы өз чегинен тышкы жерлерде жарандарын коргоого жана калкалоогокепилдик берет. 51-берене. Жарандар Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу. 52-берене. 1. Жарандар төмөндөгүлөргө укуктуу:1) республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жанааларды кабыл алууга катышууга;2) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;3) конституциялык мыйзамда каралган тартипте референдумга катышууга.2. Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайлардыөткөрүүгө укуктуу.Элдик курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет.Элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.3. Жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө, ошондой эле бюджеттен ишжүзүндө чыгымдалган каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу.4. Жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартиптекызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7412 of 302/7/13 9:16 AM

5. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий мамлекеттик кызматты жанасоттордун кызмат ордун ээлөөгө укуксуз. Мындай чектөө башка мамлекеттик кызматтар үчүн да мыйзамменен белгилениши мүмкүн. 53-берене. 1. Жарандарга улгайганда, ооруп, же эмгектенүүгө жараксыз болуп калганда, багып-көрөөрүнөнажыраганда мыйзамда каралган тартипте жана жагдайларда социалдык жактан камсыз кылуу кепилдигиберилет.2. Мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия, социалдык жардам мыйзамдакаралган жашоо минимумунан кем эмес өлчөмдө жашоо деңгээлин камсыздайт.3. Ыктыярдуу социалдык камсыздандыруу, социалдык камсыздоонун кошумча түрлөрүн түзүү жанакайрымдуулук колдоого алынат.4. Мамлекеттин социалдык ишмердиги жарандын өзү жана өз үй-бүлөсү үчүн экономикалыкжыргалчылыкка өзү жетишүүгө болгон экономикалык эркиндигин, жигердүүлүгүн жана мүмкүнчүлүгүнчектеген мамлекеттик камкордукка айланып кетпеши керек. 54-берене. 1. Мамлекет жарандардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга мыйзамда каралган тартиптекөмөк көрсөтөт. 55-берене. Жарандар мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды, жыйымдарды төлөөгөмилдеттүү. 56-берене. 1. Ата-Мекенди коргоо – жарандардын ыйык парзы жана милдети.2. Жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдүү (аскерден тышкары)кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет. 57-берене. Адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатураны уюштуруу жана анынишмердиги, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам мененаныкталат. 58-берене. Жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүнбейтарап соттор уюштурулушу мүмкүн. Бейтарап сотторду түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктарыжана иштеши мыйзам менен аныкталат. 59-берене. Кыргыз Республикасында жарандар аксакалдар сотторун уюштурууга укуктуу. Аксакалдар сотторунуюштуруу тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат. ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7413 of 302/7/13 9:16 AM

60-берене. 1. Президент мамлекет башчысы болуп саналат.2. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. 61-берене. 1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат.2. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт. 62-берене. 1. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билгенжана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жаранышайлана алат.2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. 30 миңден кем эмес шайлоочунунколтамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. 63-берене. 1. Президент кызматына киришерде Кыргызстандын элине ант берет.2. Президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган Президент кызматка киришкен учурдан тартыптоктотулат.3. Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүнтоктото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттеринтоктотот. 64-берене. 1. Президент:1) ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт; ушулКонституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолордудайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;2) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда жана тартиптежергиликтүү кеңештерди таркатууну жүзөгө ашырат.2. Президент:1) мыйзамдарга кол коет жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен ЖогоркуКеңешке кайтарат;2) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырууга жана каралууга жатканмаселелерди аныктоого укуктуу;3) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө укуктуу.3. Президент:1) Жогорку соттун судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандообоюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;2) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын кызматынан бошотуу үчүнЖогорку Кеңешке сунуштайт;3) Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларындайындайт;4) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамда каралган учурларда жергиликтүүсоттордун судьяларын бошотот.4. Президент:1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралганКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7414 of 302/7/13 9:16 AM

учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин макулдугу жеболбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси жактырган Жогорку Кеңештин депутаттарынынжалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкыпрокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот;2) Өкмөт мүчөлөрүн – коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардынжетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот.5. Президент:1) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет;Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жанабашкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;2) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бириншайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;3) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотууүчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;4) Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөөпалатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.6. Президент:1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралыккелишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө жанабашка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;3) ратификациялоо грамоталарына жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;4) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердегидипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүндайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүнбашчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат;7. Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруумаселелерин чечет.8. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат,Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жанакызматтан бошотот.9. Президент:1) мыйзамга ылайык уюштурулган Коргоо кеңешин жетектейт;2) конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүүмүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабайтуруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;3) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасынабаскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жанабул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;4) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалынжарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.10. Президент:1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;2) Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарат;3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдардыыйгарат;4) ырайым кылууну жүзөгө ашырат;5) өзүнүн аппаратынын түзүмүн аныктайт, анын жобосун бекитет жана жетекчисин дайындайт.11. Президент ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 65-берене. Президент Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгонКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7415 of 302/7/13 9:16 AM

жарлыктарды жана буйруктарды кабыл алуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат. 66-берене. 1. Президент арызы менен кызматынан кеткен учурда, ушул Конституцияда каралган тартиптекызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же алказа болгон учурда Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.2. Президент оорусуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калганда Жогорку Кеңеш өзүтүзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештиндепутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурдакызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат. 67-берене. 1. Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.2. Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордункорутундусу менен бышыкталган Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлганайыптын негизинде гана Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.3. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимидепутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңештарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана Жогорку Кеңештин депутаттарынынжалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек.4. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы күнөөкоюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпысанынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде булмөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылды деп эсептелинет. 68-берене. 1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөнмурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку КеңештинТөрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүнболбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр аткарат.Мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөнтартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешкемөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө укуксуз. 69-берене. 1. Ушул Конституциянын 67-беренесинде белгиленген тартипте кызматынан четтетилгенден башкабардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат.2. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет. ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ Биринчи главаЖогорку Кеңеш 70-берене. 1. Жогорку Кеңеш – Кыргыз Республикасынын парламенти – мыйзам чыгаруу бийлигин жана өзКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7416 of 302/7/13 9:16 AM

ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогоркуорган болуп саналат.2. Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттантурат.Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандатберилиши мүмкүн.Шайлоо күнүнө карата 21 жашка чыккан, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараныЖогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.Парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутаттарыншайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.3. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет.Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттыкмандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттиккөпчүлүк болуп саналат.Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаганфракция, же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат. 71-берене. 1. Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына шайлоолордун жыйынтыктары аныкталгандан кийин15 күндөн кечикпестен чогулат.2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын Жогорку Кеңештин жашы боюнча улуу депутаты ачат.3. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы ЖогоркуКеңештин ыйгарым укуктары токтотулат.4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат. 72-берене. 1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери жеЖогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Өзгөчө ооркылмыштарды кошпогондо, депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештиндепутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жол берилет.2. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишин башка мамлекеттик же муниципалдык кызматменен айкалыштыра албайт, жеке ишкердик менен алектениши, коммерциялык уюмдун жетекчиорганынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткараалат. 73-берене. 1. Жогорку Кеңештин депутаты императивдик мандатка байланышпайт. Депутатты кайра чакырыпалууга жол берилбейт.2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары тийиштүү чакырылыштагы Жогорку Кеңештинишинин токтотулушу менен бир учурда токтотулат.3. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ушул берененин 2-бөлүгүндө каралганнегиздерден тышкары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу же фракциядан чыккандыгы жөнүндө жазуужүзүндө арыз бергенде;2) жарандыктан чыкканда же болбосо башка жарандыкты алганда;3) башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишинташтабаганда;4) шайлоолор жараксыз деп табылганда;5) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде; депутат сот тарабынанКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7417 of 302/7/13 9:16 AM

иштөөгө жөндөмсүз деп таанылганда;6) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;7) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөөсүз 30 же андан көп жумушчукүнү жок болгондо;8) анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуукүчүнө киргенде;9) депутат каза болгондо.Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөнмурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестенШайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.4. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында пайдаболгон бош мандатты ээлөөнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Экинчи главаЖогорку Кеңештин ыйгарым укуктары 74-берене. 1. Жогорку Кеңеш:1) референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алат;2) Президентти шайлоону дайындайт.2. Жогорку Кеңеш:1) ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет;2) мыйзамдарды кабыл алат;3) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жанаденонсациялайт;4) Кыргыз Республикасынын чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет;5) республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет;6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет;7) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.3. Жогорку Кеңеш:1) Өкмөттүн ишинин программасын бекитет, Өкмөт мүчөлөрүн – коргоо жана улуттук коопсуздукмаселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо Өкмөттүн түзүмүн жанакурамын аныктайт;2) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттикпрограммаларын бекитет;3) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат;4) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат.4. Жогорку Кеңеш:1) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын шайлайт; конституциялыкмыйзамда көрсөтүлгөн учурларда Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызматтан бошотот;2) мыйзамда белгиленген тартипте Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;3) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзамда каралганучурларда аны кызматтан бошотот;4) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынынүчтөн бирин – Президенттин, үчтөн бирин – парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин – парламенттикоппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынанбошотот;5) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин – Президенттин, үчтөн бирин -парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин – парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнчашайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;6) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматтан бошотот;аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7418 of 302/7/13 9:16 AM

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орунбасарларын шайлайт; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;8) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берет; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдукберет; Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес добушу менен Башкыпрокурорду кызматтан бошотууга макулдук берет;9) Мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызматтан бошотуу тууралуу ЖогоркуКеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештиндепутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактырат.5. Жогорку Кеңеш:1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; булмаселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;2) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуш абалын киргизет, согуш абалын жарыялайт, б у лмаселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;3) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдикмилдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анынчектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;4) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайыннаамдарын белгилейт;5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу наамдарын уюштурат.6. Жогорку Кеңеш:1) Президенттин, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат;3) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынынтөрагасынын ар жылдык отчетторун угат.7. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коет;Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларынугуу ушул Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызматадамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгөашырылат.9. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 75-берене. 1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларыншайлайт.Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары парламенттик оппозициянын курамына киргендепутаттардын ичинен алардын шайланышын камсыз кылган санда жана тартипте шайланат.2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликтижүзөгө ашырат;3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коет;4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат,Жогорку Кеңештин Президент, Өкмөт, сот бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыменен өз ара иш аракеттерин камсыз кылат;5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдукту жүзөгө ашырат;6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ага Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган дагыбашка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.3. Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынынжалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке отчет берет жана Жогорку Кеңештиндепутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү кабыл алган Жогорку КеңештинКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7419 of 302/7/13 9:16 AM

чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн. 76-берене. 1. Жогорку Кеңеш өз депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссиялардыуюштурат; алардын курамын түзөт; мында парламенттик оппозициянын өкүлдөрү бюджет жана укуктартиби маселелери боюнча комитеттердин төрагалары болуп саналат.2. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелердидаярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынганмыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашырууга контролдук кылат.3. Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүүкомитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.4. Мамлекеттик кызмат орундарына шайлоого, дайындоого жана бошотууга Жогорку Кеңештинмакулдук берүүсү Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин корутундусу болгон учурда жүргүзүлөт. 77-берене. 1. Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчукүнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.2. Эгерде каралып жаткан маселелердин мазмуну жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса,Жогорку Кеңештин жыйналышы ачык жүргүзүлөт.3. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же Жогорку Кеңештиндепутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынанчакырылат.4. Жогорку Кеңештин жыйналыштары ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынынкөпчүлүгү катышса укуктуу болот.5. Жогорку Кеңештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын добуш берүүсү менен кабылалынат жана токтомдор менен жол-жоболоштурулат. 78-берене. 1. Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.2. Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөнэкисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы мүмкүн.3. Президент Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркаткан күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө мөөнөтүнөнмурда шайлоолорду дайындайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоолор дайындалгандан тартып 45 күндөнкечиктирилбестен шайлоолор өткөрүлүшү керек. Үчүнчү главаМыйзам чыгаруу иши 79-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:1) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);2) Жогорку Кеңештин депутатына;3) Өкмөткө. 80-берене. 1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.2. Өкмөт тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештарабынан кезексиз тартипте каралат.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7420 of 302/7/13 9:16 AM

3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдолбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабылалынышы мүмкүн.4. Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынат.Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери эгерде ушул Конституцияда башкача каралбаса,катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кемэмесинин добушу менен кабыл алынат.5. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар ЖогоркуКеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөнэкиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.6. Өзгөчө жана согуш абалы учурунда конституциялык мыйзамды, мамлекеттик чек аралардыөзгөртүү тууралуу мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат. 81-берене. 1. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам 14 күндүн ичинде Президентке кол коюу үчүнжиберилет.2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ага кол коет же өзүнүнкаршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайрадан кароого кайтарат. Республикалык бюджет, салыктаржөнүндө мыйзамдар милдеттүү түрдө кол коюлууга жатат.3. Эгерде конституциялык мыйзам же мыйзам кайрадан каралганда Жогорку Кеңештиндепутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен мурда кабылалынган редакциясында жактырылса, мындай мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичиндеПрезидент тарабынан кол коюлууга тийиш. Мурда кабыл алынган редакциясында жактырылганконституциялык мыйзамга же мыйзамга белгиленген мөөнөттө кол коюлбаса, мындай мыйзамга 10 күндөнкечиктирбестен Жогорку Кеңештин Төрагасы кол коет жана ал жарыяланууга тийиш. 82-берене. Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башкамөөнөт каралбаса, мыйзам расмий басма сөз органында расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күнөткөндөн кийин күчүнө кирет. БЕШИНЧИ БӨЛҮМКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ 83-берене. 1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттиккомитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишкеашырат.2. Өкмөт Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.3. Өкмөттү Премьер-министр башкарат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден,министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт. 84-берене. 1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу мененфракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөнтартып 15 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамынЖогорку Кеңешке киргизет.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7421 of 302/7/13 9:16 AM

2. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе,Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса, же болбосо шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясийпартиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албаса, Президент фракциялардынбирине 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызматордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейинӨкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе,Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса Президент экинчи фракцияга 15 жумушчу күндүн ичиндепарламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунушкылат.Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейинӨкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.4. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасынбекитпесе, түзүмүн жана курамын аныктабаса фракциялар өз демилгеси менен 15 жумушчу күндүн ичиндепарламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө тийиш.Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейинӨкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.5. Президент үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган Премьер-министрди жанаӨкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн мүчөлөрүндайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет.6. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте Өкмөттүн программасы бекитилбесе, курамыжана түзүмү аныкталбаса Президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мындайучурда Өкмөт жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушулКонституцияда каралган тартипте өз милдетин аткара берет.7. Фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкон учурда Өкмөт ушулберенеде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат. 85-берене. 1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жанаанын алдында жооптуу болот.2. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кеңешке отчет берип турат.3. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча ЖогоркуКеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.4. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынынкөпчүлүк добушу менен кабыл алынат.5. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Президентти кезектегишайлоого чейин алты ай калганда каралышы мүмкүн эмес.6. Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин Президент Өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечимкабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.7. Эгерде Жогорку Кеңеш 3 айдын ичинде Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечимкабыл алса Президент Өкмөттү кызматынан кетирет. 86-берене. 1. Премьер-министр жылына бир жолудан көп эмес Жогорку Кеңештин алдына Өкмөткө ишенимкөрсөтүү жөнүндө маселе кое алат. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баштартылган учурда Президент 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабылалат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.2. Өкмөт кызматтан кеткен учурда ушул Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттө ӨкмөттүнКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7422 of 302/7/13 9:16 AM

жаңы курамы түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну уланта берет. 87-берене. 1. Премьер-министр, Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүч кылуугаакылуу. Ал Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.2. Премьер-министрдин кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн кызматтан кетишине алып келет.3. Өкмөт түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткаруунуулантат.4. Өкмөт кызматтан кеткен учурда Өкмөттүн жаңы курамы ушул Конституцияда каралган тартиптежана мөөнөттө түзүлүүгө тийиш. Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкердиПрезидентке киргизүү мөөнөтүн эсептөө Президент тарабынан Премьер-министрдин же Өкмөттүнкызматтан кетиши кабыл алынган күндөн башталат.5. Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же болбосо кызмат ордунан бошотулган учурда Премьер-министр5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүнүн бош кызмат ордуна дайындоо үчүн Жогорку Кеңеш тарабынанжактырылган талапкерди Президентке киргизет. 88-берене. 1. Өкмөт:1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;3) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартиптисактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;4) мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү сактообоюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, улуттук коопсуздукту жана укук тартибинбекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;5) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке сунуш кылат жана анынаткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчетберет;7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсызкылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;8) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүкамсыз кылат;9) экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттикпрограммаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;10) тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат;11) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;12) Конституция жана мыйзамдар менен өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.2. Өкмөттүн ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. 89-берене. Премьер-министр:1) Өкмөттү башкарат, анын иши үчүн Жогорку Кеңештин алдында жеке жоопкерчилик тартат;2) бардык аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Конституциянын жана мыйзамдардынаткарылышын камсыз кылат;3) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет;4) Өкмөттүн жыйналышын өткөрөт;5) Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына кол коет, алардын аткарылышын камсыз кылат;6) административдик ведомстволордун жетекчилерин дайындайт жана бошотот;7) мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7423 of 302/7/13 9:16 AM

жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча дайындайт жана бошотот;8) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. 90-берене. 1. Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт токтомдордужана буйруктарды чыгарат, ошондой эле алардын аткарылышын камсыз кылат.2. Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүүтүрдө аткарылат.3. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун,жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ишине жетекчилик кылат.4. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордунактыларын жокко чыгарууга укуктуу. 91-берене. 1. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу бийлигин жергиликтүүмамлекеттик администрация ишке ашырат.Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо жана бошотуу тартибимыйзам менен аныкталат.2. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды уюштуруу жана алардын иштеши мыйзам мененаныкталат. 92-берене. 1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Конституциянын, мыйзамдардын, Өкмөттүнченемдик укуктук актыларынын негизинде иштейт.2. Өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардынчечимдери тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылат. АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ 93-берене. 1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат.Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сотадилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.2. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка сот өндүрүшүаркылуу жүзөгө ашырылат.3. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, алЖогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат.Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт.Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.Атайы бөтөнчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.4. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен аныкталат. 94-берене. 1. Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет.2. Судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүндө тутулгандан тышкары учурлардакармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке текшерилүүгө тийиш эмес.3. Конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7424 of 302/7/13 9:16 AM

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасиркөрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат.4. Судья өзүнүн статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башкакепилдиктери менен камсыз кылынат.5. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жанаюридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жыл иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогоркусоттун судьясы боло алат.6. Жогорку соттун судьялары курактык чегине жеткенге чейин шайланат.7. Жогорку соттун судьялары өздөрүнүн курамынан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орунбасарларын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары болупшайлана албайт.Жогорку соттун төрагаларын, алардын орун басарларын шайлоо жана бошотуу тартиби мыйзамменен аныкталат.8. Курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жанаюридикалык кесиби боюнча кеминде 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынынжараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.Жергиликтүү соттордун судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Президенттарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, кийин курактык чегине жеткенге чейин дайындалат.Жергиликтүү соттордун судьяларын көрсөтүүнүн жана дайындоонун тартиби конституциялык мыйзамменен аныкталат.Жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушу өз курамынан соттун төрагасын, төраганын орунбасарын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө ошол эле соттун төрагасы, төрагасынын орун басарыболуп шайлана албайт.9. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, андаЖогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерге кошумчаталаптар белгилениши мүмкүн. 95-берене. 1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп тургандакызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунункынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьялардыжоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.2. Жогорку соттун судьясы Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасыбоюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушуменен Жогорку Кеңеш тарабынан кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.3. Судья каза болгондо, өлдү же дайынсыз жок болду деп жарыяланганда, аракетке жөндөмсүз дептаанылганда, жарандыгын жоготкондо, жарандыктан чыкканда же башка мамлекеттин жарандыгыналганда судьянын ыйгарым укуктары конституциялык мыйзамга ылайык негиздер келип чыккан күндөнтартып аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан токтотулат.4. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди тандап алуу, алардыдайындоого жана которууга (ротациялоого) сунуштоо Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынанконституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.5. Жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу Судьялар кеңешининсунушу боюнча Президент тарабынан конституциялык мыйзам менен аныкталган учурларда жанатартипте жүзөгө ашырылат.6. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын жазык жана сот тартибинде салынганадминистративдик жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен конституциялыкмыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.7. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тиешелүүлүгүнө жарашаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7425 of 302/7/13 9:16 AM

Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт.8. Судьяларды тандоо боюнча кеңешти уюштуруу, анын иши, ыйгарым укуктары жана аны түзүүнүнтартиби мыйзам менен аныкталат. 96-берене. 1. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнчажогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессинекатышуучулардын кайрылуулары боюнча жергиликтүү соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгөашырат.2. Жогорку соттун пленуму Жогорку соттун төрагасынын жана Жогорку соттун коллегиясынынкурамында сот практикасынын маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет.3. Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт. 97-берене. 1. Жогорку соттун Конституциялык палатасы конституциялык контролдоону жүзөгө ашыруучу органболуп саналат.2. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жанаюридикалык кесиби боюнча кеминде 15 жыл стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттунКонституциялык палатасынын судьясы боло алат.3. Жогорку соттун Конституциялык палатасы өз курамынан төраганы, төраганын орун басарын 3жылдык мөөнөткө шайлайт.4. Бир эле адам эки мөөнөт катары менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы,төраганын орун басары болуп шайлана албайт.5. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары судьялар кеңешинин сунушунуннегизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөнэкисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан ээлеген кызматынанмөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.6. Жогорку соттун Конституциялык палатасы:1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурдааларды Конституцияга ылайык эмес деп табат;2) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердинконституциялуулугу тууралуу корутунду берет;3) ушул Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берет.7. Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат депэсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугунталашууга укуктуу.8. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечими акыркы болуп эсептелет жана даттануугажатпайт.9. Жогорку соттун Конституциялык палатасы тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунунконституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушунжокко чыгарат, ошондой эле сот актыларын кошпогондо конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдаргаже алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жоккочыгарылат.10. Мыйзамдардын ченемдерине негизделген конституциялык эмес деп таанылган сот актыларыукуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир так учурда соттарабынан кайра каралат.11. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын курамын жана түзүү тартибин, Конституциялыкпалатанын төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо жана бошотуу, ошондой эле конституциялык сотөндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. 98-берене.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7426 of 302/7/13 9:16 AM

1. Мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн каржылоону жана тиешелүүшарттарды камсыз кылат.Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толукжана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.2. Сот системасынын бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана аткаруу жанамыйзам чыгаруу бийлик бутактары менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке киргизилет. 99-берене. 1. Териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык жыйналышта жүргүзүүгө мыйзамдакаралган учурларда гана жол берилет. Соттун чечими ачык жарыяланат.2. Мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди соттордо сырттан териштирүүгөжол берилбейт.3. Сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгөашырылат.4. Сот актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тарабынан мыйзамда белгиленгентартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.5. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргөжана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзамменен аныкталат. 100-берене. 1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттикоргандар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызматадамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылуугатийиш.2. Сот актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аларды аткарууга тоскоолдуккылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет. 101-берене. 1. Сот ушул Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз.2. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгонмыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, андасот Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талапты жиберет. 102-берене. 1. Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.2. Кыргыз Республикасында судьялардын курултайы, Судьялардын кеңеши жана судьялардынчогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.Судьялардын курултайы соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп эсептелет.Судьялар кеңеши судьялардын курултайларынын ортосунда иштеген жана судьялардын укуктарынжана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырган, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жанааткарылышын контролдогон, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурган,судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселелерди караган соттук өз алдынчабашкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.Судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болот.3. Соттук өз алдынча башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын иштөө тартиби мыйзам мененаныкталат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7427 of 302/7/13 9:16 AM

103-берене. Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүүүчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген ар кандай гана учурда сот адилеттиги акысызжүргүзүлөт. ЖЕТИНЧИ БӨЛҮММАМЛЕКЕТТИК БАШКА ОРГАНДАР 104-берене. Прокуратура төмөнкүлөр өзүнө жүктөлгөн бирдиктүү системаны түзөт:1) аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызматадамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө;2) изин суутпай издөөнү тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардынсакталышын көзөмөлдөө;3) жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигинчектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышынкөзөмөлдөө;4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүккылуу;5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;6) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык куугунтуктоо. 105-берене. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагыакча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгөашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүгө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүүтүрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат. 106-берене. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргыз Республикасындашайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат. 107-берене. Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына, бюджеттентышкаркы каражаттарга, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт. 108-берене. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттикконтролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт. 109-берене. Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын уюштурулушу жана иштөө тартиби, ошондойэле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар менен аныкталат. СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7428 of 302/7/13 9:16 AM

11 0 -б е р е н е. 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидегимаселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн ушулКонституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түзже жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.4. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен, ошондой элереспубликалык бюджеттен камсыз кылынат.5. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунунпринцибин сактоо менен жүзөгө ашырылат. 111 -б е р е н е. 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын төмөнкүлөр түзөт:1) жергиликтүү кеңештер – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;2) айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучуоргандары.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жана алардын кызмат адамдары өзиштеринде жергиликтүү кеңешке отчет беришет. 11 2 -б е р е н е. 1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү административдик-аймактык бирдиктинаймагында жашаган жарандар тарабынан мыйзамда белгиленген бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо мененшайланат.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары мыйзамда белгиленгентартипте шайланат.3. Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык:1) жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт;2) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонунпрограммаларын бекитет;3) жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет, ошондой эле алар боюнча жеңилдиктердибелгилейт;4) жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет. 11 3 -б е р е н е. 1. Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралганыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды жүзөгөашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү мененыйгарылышы мүмкүн. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынамыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнчажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдындамыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында – өз ишинин натыйжасы үчүнжоопкерчиликтүү болушат.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарынын бузулушуна байланыштууКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7429 of 302/7/13 9:16 AM

соттук коргоо үчүн кайрылууга укуктуу. ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМУШУЛ КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДӨ КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ 11 4 -б е р е н е. 1. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынандайындалган референдум менен кабыл алынышы мүмкүн.2. Ушул Конституциянын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчибөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүнсунушу боюнча же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештарабынан кабыл алынышы мүмкүн.3. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды ал ЖогоркуКеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынанокуулардын ортосунда 2 ай аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештиндепутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин демилгесибоюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам референдумгачыгарылышы мүмкүн.4. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүүгө тыюу салынат.5. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамга КыргызРеспубликасынын Президенти кол коюуга тийиш.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Кыргыз Респ…https://www.kenesh.kg/Pages/PrintingVersion.aspx?ArticleID=7430 of 302/7/13 9:16 AM